Кадыралиев Жоомарт Асаналиевич

...

(1946-2015-ж.ж.)

Кыргыз Эл сүрөтчүсү Сүрөтчү-монументалист-живописчи

Жоомарт Кадыралиев 1946-жылы Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында төрөлгөн. Ал С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Кийин билимин Москвадагы В. Суриков атындагы көркөм-сүрөт институтунда уланткан.

1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата Талас шаарында ачылган “Манас” этнографиялык музей-комплексиндеги сүрөт улуу сүрөтчүнүн ири эмгектеринен болуп эсептелет. Москвадагы Манастын айкелинин авторлорунун бири. Жоомарт Асаналиевичтин бардык чыгармаларында терең ой, өзгөчө бир байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. Чыгармалары эл аралык көргөзмөлөргө (Брюссель, Париж, София, Дакка ж. б. шаарларда) коюлган. Аттигиниң, көп жылдар бою Бишкектин борборунда Манаска, кырк чорого арналган чоң монументалдык эстелик орносо деп жүрүп аны ишке ашыра албай калды....

Жоомарт Кадыралиев Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын жана үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин ээси, Эл сүрөтчүсү. Улуу сүрөткер кайрат-күчү боюна сыйбаган мекенчил, кыргыз дегенде күйүп-жанган адам эле. Анын сүрөтчүлүгүн дүйнө тааныганы менен акындыгын, обончулугун, комузчулугун көптөр билбесе керек. Сөзү, обону өзүнө таандык “Арноо”, “Кыялымда” ж.б. ырлары, “Шер баян”, “Шумкар уя” аттуу күүлөрү да ал жараткан полотнолору менен калк ичинде жашай берери шексиз. Жоомарт бек айтып, кубаттуу сүйлөчү, анын мындай дымагы кыргыздын баатырларына таандык өзгөчө бир сапат эле.

Жоомарт Кадыралиевдин бүткүл өмүрү кыргыз деп кызмат кылып, жүрөгү кыргыз деп согуп келди. Кыргыз деп, кыргыздын улуулугун, сулуулугун, кереметтүүлүгүн даңазалап, дүйнөгө таратып келди

06 Октябрь 2023 в 23:30