Дүйшеев Арстанбек

...

(1932-2003-ж.ж.)

Кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер.

Теги: Жетиген, Кожоке бий, Караке (Эшен карек, Нусуп молдо, Молдоийрек, Дербиш, Жоломан, Бакырман, Мамбетбий, Чоро, Түгѳл, Торой, Майназар, Барман, Алакүчүк, Дүйшѳ.

Дүйшеев Арстанбек 1932-жылы Кичи-Кемин айылында туулган. 1954-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргѳн. Эмгек жолун Тянь-Шань облусунун Жумгал районундагы «Жумгал» совхозунда ветеринардык врач болуу менен баштаган. Андан кийин Ысык-Кѳл облусунун Тоӊ районундагы «Тоӊ» совхозунун башкы ветеринардык врачы, Жумгал районундагы «Жумгал» совхозунун директору, 1961-62-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин партиялык иштерди уюштуруу бѳлүмүнүн жооптуу уюштуруучусу, 1962-жылдан 1968-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Өзгѳн райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.

1968-жылдан 1971-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы, 1971-жылдан 1979-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Ысык-Кѳл облустук комитетинин биринчи катчысы, 1979-жылдан 1981-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун тѳрагасы, 1981-жылдан 1986-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин тѳрагасы болгон.

1986-жылдан ѳмүрүнүн акырына чейин Кыргыз ветеринария илим-изилдѳѳ институтунун директору болуп иштеген. Ветеринария илимдеринин кандидаты, 30дан ашуун илимий эмгектин жана сунуштардын автору. Илимий эмгектери малдын кан мителерин пайда кылуучу ылаӊдарга карты дарыларды иштеп чыгууга арналган.

А.Дүйшеевдин бүтүндѳй турмуштук жана эмгек жолу-ѳз ишине адал жана ак ниет мамиле кылуунун жана элге, Мекенге берилип кызмат кылуунун айкын үлгүсү. Ал кайсы гана кызматта болбосун ѳзүнүн билимин, күчүн, акылын ишке жумшоо менен кадыр-баркка ээ 121 болгон. Ал кесипкѳйлүгү, интеллигенттүүлүгү жана тапшырылган ишке жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылуусу менен айырмаланган.

А.Дүйшеевдин жемиштүү эмгеги татыктуу бааланып, үч жолу "Эмгек Кызыл Туу" ордени, "Октябрь Революциясы" ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Кыргыз Жогорку Советинин 6-7-8-11 чакырылыштарынын, ошондой эле СССР Жогорку Советинин 9-10-11-чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. Кыргызстан КП БКнын мүчѳсү, КПСС БКнын мүчѳлүгүнѳ кандидат болгон.

06 Октябрь 2023 в 18:57