Бектур Исаков

...

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Б. Исаков 1942-жылы Талас районундагы Арал айылында туулган. 1960-жылы Арал орто мектебин ийгиликтүү аяктап, 1965-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Адистиги- кыргыз тили жана адабият мугалими. Азыркы учурда да өзү туулуп өскөн айылдагы Арал орто мектебинде жаш муундардарга билим берип, үйрөтүп, аларды тарбиялоодон талыкпайт.

Б.Исаков – мээнеткечтин мээнеткечи, анын атуулдук турпатын улам ачылып жана калыптанып жаткан келечек ээсинин жан байлыгы, дүйнө, коом жана адам таануусу сулуулап турат. Мугалимдик кесипти аркалап, өзүн ар тараптуу багытта көрсөтө алган көптөгөн китепттердин автору, кыргыздын туу чокусу болгон “Манас” эпосун кийинки муундарга руханий мурас катары пропагандалоого өз салымын кошуп келе жатат.

Бектур Исаков кыргыз тилинин вариативдүү окуу программасын (5- кл.), Манас сабагын окутуу чежиресин (3–11 кл.), «Ыйман сабагы» боюнча окуу программасын түзүүгө катышкан. Ошондой эле «Биздин адабият» (5-кл.), «Кыргыз адабияты» (8-кл.), Кыргыз тили (7–9-кл.), Манас сабагы (3–11-кл.) окуу китептерин жазган. Бектур Исаковдун педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндө 2 китеп, 4 очерк, 20дан ашык макала жана методикалык колдонмолор жазылган. «Б.Исаковдун алдынкы тажрыйба мектеби» деген ат менен республикада биринчи жолу республикалык алдыңкы тажрыйбалык мектеби уюшулган.

Ал-Кыргыз ССРинин эл агартуусунун жана СССРдин эл агартуусунун отличниги, “Ардак белгиси” ордени, ВДНХнын күмүш медалы, Бүткүл союздук Крупская медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, “Манас-1000” медалы, “Даңк” медалы, Мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган. Б.Исаков СССР эл депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Эл аралык коомдук Ч.Айтматов академиясынын академиги, И.Арабаев атындагы сыйлыктын лареаты, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Талас университетинин ардактуу профессору Ардак наамдарынын, “Замандаш” сыйлыгынын ээси, “Манас ата” сыйлыгынын лауреаты.

06 Октябрь 2023 в 18:49