Жетиген элинин түпкү теги

XIX кылымда жазылган эмгектердин катарында терең изилденип, өзгөчө мааниге ээ болгон китеп орус чыгыш таанучусу жана этнограф Аристов Николай Александровичке (1847-?) таандык.

Аристов Н.А. 1868-жылдан баштап, 1888-жылга чейин Жети-Суу областык башкармасында катчылыктан Жети-Суу областынын аскер губернатор кызматына чейин көтөрүлгөн. 1893-ж. Императорлук орус географиялык коомунун мүчөсү болуп шайланып, 1895-жылы анын алтын медалы менен сыйланган.Түрк тилдерин жакшы билген.

«Усуни и кыргызы или Кара-кыргызы: очерки, истории и быта населения западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии» (Бишкек, Илим, 2001-ж.) аттуу эң көлөмдүү илимий эмгеги жүз жылдан ашык убакыт басмадан чыкпай, жарык көрбөй келген.

Падышалык Россия, кийин КПСС доорунда бул «самое фундаментальное исследование по истории кыргызов и Кыргызстана, проведенное в конце XIX века» деп бааланган (академик В.Плоских) эмгек бир кылым басмадан чыгарылбаганынын себеби эмнеде болгон?

Себеби бир эле – Аристов Н.А. «кыргыз эң байыркы элдердин бири, усундардын урпагы, Алтайда түптөлгөн» - деп жазганы падышалык Россия, кийин КПСС жүргүзгөн «кыргыз XVI кылымда калыптанган, маданиятсыз, жапайы, билимсиз, Енисей кыргыздарына эч бир тиешеси жок» деген саясатына карама-каршы болгону.

Н. А. Аристовдун эки томдук эмгек жыйнагы биринчи жолу 2001- 2003-ж. басмадан чыккан. Бул жыйнактын экинчи тому «Труды по истории и этническому составу тюркских племен» (Бишкек, Илим, 2003-ж. 460-бет) – деп аталат. Эмгектин баалуулугу – КПССтен кыйла мурун жаралганы жана кыргыздар жөнүндө XIX кылымда маалымат чогултулганы. Ал убакта маалымат берген карыя, аксакалдар арбын жана алардын билими толугураак болгон. ХХ кылымда бий, манап, молдо, болуш, кулактар аёосуз кырылып (атылып же Сибирге айдалып), «эскилик» менен кандуу күрөш жүргүзүлүп, кыргыздар жөнүндө терең билгендердин саны азайып, ата мекен согуштан кийин жокко эсе болгон. Жетиген жөнүндө Аристов Н.А. «Труды по истории и этническому составу тюркских племен» (Бишкек, Илим, 2003- ж.) деген эмгегинде минтип жазат:

«В таком случае имя Етиген могло быть заимствовано в качестве имени одного из динлинских племен и перейти к помеси этого племенис тюрками, которая вошла в союз усуньский во время нахождения усуней в средней Монголии и дала своё имя, с одной стороны, Кара-кыргызской кости, с другой – одному из союзов или поколений, который первоначально состоял из одной кости и именовался Етиген» – 66-бет;

«Кости Етиген, Төөлөс, мундус, торо и кучу вошли в состав усуньского союза, по всей вероятности, в средней Монголии, во время кочевания усуней между Дунь-хуаном и Саянами, ранее ухода усуней в западный Тяньшань»;- 67-бет.

«Из остальных двенадцати семь в двух или более поколениях, а потому должны быть коренными костями кыргызского народа.

6)-кость Етиген ведет свое название от священного леса или покрытой лесом горы Етикен, упоминаемой в тюрко-орхонских памятниках, и от тождественной, вероятно, с тем же урочищем реки Етиген …» - 216-бет;

«Таким образом, из семи коренных и наиболее распространенных костей кара-киргизов четыре (Сару, кааба, ассык и Етикен) имеют, по-видимому, тюрко-динлинское происхождение и три остальные (Мундус, Телес и Кучу) тюрко-алтайское, либо такие же кости (кроме Кучу) и теперь ещё есть в Алтае»-217-бет; (мындан ары өзгөчө белгиленген сөздөр мен тарабынан болгон).

Белгилүү этнограф, түрколог, кыргыз тарыхын иликтөөчү Саул Матвеевич Абрамзон (1905-1977-ж.ж.) 1926ж. Кыргыз автономия областынын музейинин башчысы, СССРдеги жана Кытайдагы кыргыз урууларын, алардын каада-салттарын кеңири изилдеп, 1968-ж. тарых илиминин доктору деген наамга ээ болгон. Кыргыз Эл агартуу комиссариатынын алдындагы Чыгыш таануу институтунун директорунун милдетин аткарган, 1931-жылы анын директорлугуна дайындалган.

Ө. Караев, тарых илимдеринин доктору минтип эскерет: «Саул Матвеевичти кыргыз этнографиясын изилдөөнүн негиз салуучусу десек болот. …Анын олуттуу эмгектери кыргыз этнографиясынын өзөгүн түзөт. 1926-1950-жылдардын ичинде Кыргызстандын аймагына жүргүзүлгөн этнографиялык экспедициялар С.Абрамзондун ысымы менен байланыштуу.

1953-1955-жылдары Кыргызстандын аймагына атайын археологиялык-этнографиялык экспедициялар уюштурулган. С.Абрамзон анын курамындагы этнографиялык отрядды жетектеп, кыргыз элинин калыптанышы жана анын этникалык структурасы жөнүндө баалуу материалдарды чогулткан. Бул татаал жана талаш маселе боюнча анын пикири «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» аттуу олуттуу эмгегинде жыйынтыкталган. …Ошол кездеги Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т.У. Усубалиев республикалык партактивде (1973-ж) Саул Матвеевичтин аталган олуттуу эмгегин катуу сынга алган. Анын алдында (ак үйдүн шилтемеси менен) кошоматчы тарыхчылар К.К.Орозалиев, С.М.Ильясов жана А.Г.Зималар С.М. Абрамзондун эмгегин кыргыз элинин түзүлүшү «партиялык» көз караш менен жазылган эмес деп айыптап, бир топ «кемчиликтерди» табышкан.

...Чындыгында этнография илиминин эң негизги максатынын бири элдердин этникалык структурасын иликтөө болуп эсептелет. Анын жыйынтыгы дегеле урук-уруулардын карама-каршылыгына алып келбейт».

«Партиялык» көз караштан КПСС кыйраганына жыйырма жылга жакындап калса да бүгүн кутула албай жүргөн миңдеген маңкурт илимпоз, өнөрпоз, кызматчылар кыргыздын тилине, тарыхына, рухий дөөлөтүнө балта чаап жатышпайбы…

Жетиген жөнүндө С.М.Абрамзон өз эмгегинде минтип жазат:

«Баарыдан мурда, саяк этностук тобунун (жумгалдык жана суусамырдык саяктар айтылып жатат) бир катар өкүлдөрү «ногойлордон» чыккан Чекирди же Чакырды, Шакирди түпкү атабыз деп эсептешкенине негизденет. Жетиген тобунун өкүлдөрү да ушунун эле өзүн айтышат, алар уламыш боюнча, саяктардын түпкү атасынын бир тууганы болгон Нусуп Молдону түпкү атабыз деп эсептешет».

«Андан ары, казактар менен кыргыздарда ногойлордун түпкү ата-бабаларынын бири - Эдигенин ысмы менен байланышкан уламыштар бар. Кыргыз уламыштарынан биз Эдигенин, Токтомуштун, Баракандын жана башкалардын ысымдарын таптык.

Жедигер деген хан да Эдигенин тукумдарынын бири болгону белгилүү. Ал гана эмес, 1549-жылы Казан Жедигер-Мухаммед деген хан тарабынан басылып алынганы да кыргыз уламыштарында айтылат».

«Басма сөздө саяк деген аталыш менен түпкү теги таптакыр ар башка болгон бир нече топтор бириккендиги жөнүндө мурда белгиленди. Ушунун негизинде биз эки урууну бөлүп көрсөттүк. Булардын бири саяк деген ат менен калтырылды (бул урууну алты аталуу саяк деп аташат). Экинчи урууну биз шарттуу түрдө, бул уруунун легендарлуу түп бабасы болгон Чекирдин (аны Шакир, Чакыр, Чекир молдо деп да аташат) ысмы менен атадык. Эки уруунун тең билерман санжырачылары алардын ортосунда тектештик жалпылыктын жок экенин танышпайт». «Булар – теги боюнча ногой – казак топтору, булардын ичинен биз негизинен Суусамыр, Жумгал өрөөндөрүндө жана Нарын дарыясынын ортоңку агымдарында жашаган чекир-саяктар деп аталгандарды, жетиген тобун… көрсөтөбүз».

«1953-1955-жылдары биз тараптан жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн материалдары жетиген толук өз алдынча турган уруу жана ал кушчу, саруу, мундуз жана башкалар менен бир катарда сол канаттын курамына кирген деп айтууга мүмкүндүк берет».

«Кыргызы и их этногенетические и историко-культурные связи» -аттуу эмгегинде (Фрунзе, «Кыргызстан», 1990-ж.) С.М.Абрамзон минтип жазат: «В памяти стариков отложились, как было указано, события относительно далекого прошлого. Так, в предании о происхождении группы джетиген (Куланакский р-н, Тянь-Шань), фигурируют имена как Эдиге, так и Токтомышкана (Тохтамыш) и Баракана (Барак-хан), что указывает на связь этого предания с событиями первой трети ХV в.захватывавшими и Могулистан. Кстати, племени джетиген приписывается «ногайское» происхождение. Любопытно, что в предании упоминается и жестокая эпидемия, охватившая страну после убийства Бараканом трех сыновей Эдиге (известно, что в Дешт и Кипчаке в 1428-1430гг. свирепствовала чума» - 47 бет.

Тарых илиминин доктору, профессор Маанаев Эгемберди Жумагулович «Этническая история кыргызского народа» (Бишкек, 2008-ж.) аттуу эмгегинде минтип жазат: «Жетиген - крупный род левого крыла. Н.А. Аристов впервые высказал мнение о том, что жетигены являются родом, ставшим основой этнического фундамента кыргызов. У хакасов большая звезда Жетиген называется в форме «идиген». В народных оказаниях (санжыра) этноним «жетиген», связывают с «Эдиге» и «звездой жетиген».

Вполне возможно, что этническое название Жетиген произошло сдревнетопонимического названия родины кыргызов Южной Сибири» - 86-бет.

«Ногой. Название ногой в списке объединения 92 узбекских племен встречается под именем мангыт. Ч.Валиханов, отмечая исторические события ХV-ХVI вв. писал, что казахские и кыргызские племена были очень близки с ногайскими племенами. Из этих сведений можно сделать вывод о том, что племена джетиген, чекир-саяк распространились от «ногойцев» (ногой или Астрахань ногой), кроме того, есть сведения, что кыргызы имеют этническую связь с каракалпаками.

На основе сведений Ч.Валиханова и преданий горных кыргызов принято считать, что ногайцы осели вдоль равнин Чуя и Таласа и вдоль берега Иссык-Куля. Кайсацкие сказания утверждают, что они доходят до Аягоза. Валиханов, исследовав взаимосвязи казахов и ногайцев, собрал о них много сведений. И.Молдобаев, исследуя эпос Манас, выявил взимосвязь между кыргызами и ногайцами. Он определил, что в эпосе встречается несколько вариаций названия ногой (ак ногой, кара ногой). Исследовавший этническую взаимосвязь между кыргызами и ногойцами О.Каратаев выявил сходство между этими племенами. Стало известно о существовании этнической взаимосвязи между кыргызами и ногайцами» - 105-бет.

Кыргыздын тарыхын 1985-жылдан баштап изилдеп, жазган атактуу тарыхчы Белек Солтоноев (1878-1938-ж.ж.) “Кыргыз тарыхы” аттуу эмгегинде (Бишкек, 2003-ж.) минтип айтат: “1916-жылы кыргыз бузугунда Турпан (Кытайда) качып бардым, андагы черик кыргызынын кабарында, алар өзүлөрү болсун, Сары кол (Памир) жана Кашкар кыргызы болсун Манасты сары ногой, кыпчак дешет экен. ... Кетментөбө, Фергана кыргызы Манасты ногой дейт.” – 198 бет.

“Эски грек жери Крит аралында жомокчо айтылган “Минос” деген хан болгон. Мисирдин эң эзелки – мындан сегиз миң жыл мурун “Менес” деген ханы болгон”. – 199 бет.

XIX, XX жана XXI кылымда жазылган илимий эмгектерде жетиген кыргыздын түпкү сөөктөрүнө кирип, динлин-түрк дооруна таандык болуп, Алтай, Монголия, усунь уруулар бирикмеси, ногой эли жана Эдигей ысмы менен байланыштуу болгону даана, бирдей жана талашсыз көрсөтүлөт. Бул илимий корутунду кыргыз санжырасы, тарыхый булактар жана «Манас», «Эдигей» эпостору менен толук аныкталып, далилденет.

02 Ноябрь 2023 в 13:00