I Бөлүм

Жетиген уруусу жɵнүндɵгү бул макаланы даярдоого, 2020-жылы 3-мартта “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигинин «Санжыра» аттуу теле берүүсүнүн алып баруучусу Тынчтык Карымшаков тарабынан даярдалган «Санжыра такталат» деген берүүсү түрткү болду. Т.Карымшаков ɵзүнүн ошол автордук теле берүүсүнɵ эксперт санжырачылар катары Сыргак Сооронкулов жана Кушчу Качыбековду чакырып, аларга “жетиген ɵзүнчɵ уруубу же уруу эмеспи, эл ичинде ушундай суроо жаралып жатат” деп суроо салат. Бул суроого С. Сооронкулов жооп берип, “жок, жетиген ɵзүнчɵ уруу эмес, жетиген деген эл кушчу уруусунан чыккан Сабатар деген киши Сырдарыя тараптан аты Ыбырайым деген баланы молдолукка алып келген экен, жетиген ошол адамдан тараган” деп, жанында олтурган экинчи эксперт аталган К. Качыбековго кайрылып “ушундайбы?” дегенде, ал киши да ошондой дегенсип унчукпай, үн катпады. Мен бул берүүнү 2021-жылы «Ютуб» каналынан кɵрдүм. Эртеси эле Тынчтык Карымшаковдун телефон номерин таап, ал кишиге жетиген уруусу жɵнүндɵ илимий булактардан алынган жетиген ɵзүнчɵ уруу экендигин илимий жол менен далилдеген бир топ маалыматтарды жɵнɵттүм, тилекке каршы Т.Карымшаков мага эч бир жооп кайтарган жок. Андан соӊ К. Качыбеков менен телефон аркылуу байланышып сүйлɵштүм, ал киши ошол жери туура эмес болуп калды дегенсип, эптеп менден кутулуунун амалын жасады. Жогоруда сɵз болгон теле берүүнү алып барган Т. Карымшаков, эгерде ал кишиге эл арасынан жетиген ѳзүнчѳ уруубу же жокпу деген суроо түшсѳ, анда эмне үчүн ошол «Санжыра такталат» аттуу берүүсүнѳ жетиген уруусунун ɵкүлдөрүн чакырбай, жетиген уруусу жɵнүндɵ башка уруулардын өкүлдөрү менен талкуу кылды, же берүү атайлап даярдалганбы, ал киши кантип эле кыргыздардын уруулары жɵнүндɵ бир да санжыра же кыргыз тарыхы боюнча илимий китептерди окубасын деген ой пайда болду.

Канткен күндɵ да, жогоруда сѳз болгон Т. Карымшаковдун 2020-жылдын 3-марттагы «Санжыра такталат» аттуу берүүсү интернет тармагында ушул күнгɵ чейин илинип турат жана ал берүүнү бүгүнкү күнгɵ карата 10012 кɵрүүчү кɵрүптүр. Баарыбызга белгилүү болгондой, азыркы учурда кɵпчүлүк жɵнɵкɵй элдин арасында китеп окугандардын саны ɵтɵ эле аз, санжырага кызыкканы да анча кɵп эмес. Ушундай себептерге байланыштуу бул берүүдɵн кɵрүүчүлɵрдүн кандайдыр бир бɵлүгү жетиген ɵзүнчɵ уруу эмес турбайбы деген чындыкка жатпаган жыйынтык чыгаруусу турган сɵз. Т.Карымшаков тарабынан даярдалган ушул «Санжыра такталат» аттуу берүүдɵгү жетиген ɵзүнчɵ уруу эмес деп «билерман» санжырачы болумуштардын тактоо жыйынтыгы чындыкка такыр дал келбешин кыргыз санжырасы боюнча бир аз маалыматы жана билими бар адамдарга айтпаса деле түшүнүктүү.

Бул макаланын даярдоого түрткү болгон экинчи жагдай - бул, тарых илиминде жетиген уруусунун ѳзүнчѳ уруу экендиги толук далилденгендигине карабастан кушчу жана саяк уруусунун кээ бир ɵкүлдɵрүнүн жетиген уруусу саяк уруусунун бир уругу, экинчилеринин кушчу уруусунан таркаган деп эсептешиши жана кыргыз журтуна таркаган айрым бир санжыра варианттарында жетиген уруусунун кѳрсѳтүлбѳгѳнү болду.

Жалпы журтка так билдирип койуучу дагы бир жагдай - бул жетиген уруусу да кыргыз элин түптɵгɵн башка уруулардын арасында кыргыз элинин бир бутагы катары ɵзүнүн эӊ негизги, эң олуттуу максаты катары кыргыз элинин ɵсүп-ɵнүгүүсүн, эл арасындагы ынтымактын бекем болушун кɵздɵɵсү анык экендиги.

Бул макаланы даярдоодо биз уруучулук, же башка кыргыз уруулары жɵнүндɵ сɵз кылууну алдыбызга максат кылып койгон жокпуз, себеби, санжыра, уруучулук темасы ɵтɵ кылдаттыкты, тактыкты жана акыйкаттыкты талап кылуучу темалардан экени баарыбызга жакшы маалым. Санжырага байланыштуу бир жагдай талкууга алынса, ал маселени талкуу чɵйрɵсү так аныкталуусу керек, мисалы, илимий чɵйрɵ, санжырачылар чɵйрɵсү ж.б. Мисалы кыргыз эл ичинде таркалган санжыраларда негизинен адамдын ата тегине көп көӊүл бурулат жана адамдардын аттары негизги ролду ойнойт (баланча, түгүнчөнүн урпагы дегенедей). Ал эми илимде негизинен уруунун атына көп коӊүл бурулуп адамдардын аттары көп мааниге эмес, себеби бирдей болгон адам аттары өтө көп кездешет. Ошол себептен Долон бийге байланышкан санжырада кыргыз урууларынын аталышы Долон бийдин балдарынын аттарына байланышкандыктан көп суроолор жаралат. Ошол эле учурда тарых илиминин чөйрөсүндө аттары байыркы мезгилде айтылган кыргыз уруулары бир топ. Азыркы уруулардын ичинде да адамдын атына байланышкан урук(тукум) өтө коп кездешери баарыбызга жакшы белгилуу. Ошол себептен такталбаган, бышылбаган нерселерди карапайым элдин астына алып чыгып, сɵз болуп жаткан тараптардын ɵкүлдɵрүн чакырбай талкуу жүргүзүү, бул - элибизге эч бир жакшылык алып келбеши айдан ачык.

Жетиген уруусу жɵнүндɵгү жогоруда айтылган такыр эле далилсиз, такыр эле чындыкка жатпаган айрым бир маалыматтардын кээ бир тараптардын аракети астында эл ичине таралышы жетиген уруусунун ɵкүлдѳрүн, албетте тынчсыздырбай койбойт. Ошол себептерден бул макаланы даярдоодогу биздин ѳз алдыбызга койгон негизги бирден-бир максатыбыз бул, жетиген уруусу жɵнүндɵ илимий, тарыхый, санжыра маалыматтарын таап, топтоп, эл арасына кеӊири чагылдырып, жетиген уруусу жɵнүндɵ ар тараптардан таралып жаткан ар түрдүү чындыкка туура келбеген маалыматтарды тактап коюу гана болгонун баса белгилейбиз.

19 Октябрь 2023 в 22:10