V Бөлүм

Кыргыздын эң байыркы тарыхын эне тилибиз да талашсыз далилдеп жатканы али кече кеңири айтылбай жана балдарга окутулбай жатканы терең өкүндүрөт.

Адамдын сүйлөө кудурети эң алды өтө жөнөкөй, сөздөрү бир үндүү, бир муундуу, аз тыбыштуу болгон. Нечен миң жылдар өтүп, сүйлөө мүмкүнчүлүгү өөрчүп, турмуш-тиричилик өнүккөнгө жараша сөздөрү да эки, үч, кийин көп муундуу, көп тыбыштууга өткөн.

Кыргыз табиятты жана өзүн тааныган алгачкы сөздөрдү алсак, алар бир муундуу, кыска, бир үндүү.

Күн, ай, жер, суу, тоо, зоо, таш, чөп, от, көл, чөл, жел, саз, сай, кыр, ой, бет, баш, көз, тил, тиш, бут, кол, сан, чач, каш, тас, дил, дал, Эл, журт, калк, мал, уй, ат, куш, кой, ит, эт, аш, май, нан, ун, сүт, ак, көк, кел, кет, кут, күт, ал, бер, кош, бар, бол, бөл, түш, ар, ур, жат, тур, тер, жон, жүн, өт, кур, жут, төл, чеч, чап, кач, кыз, күч, күз, кыш, жай, жаз, жан, кан, дем, жем, дан, бээ, тай, жай, бат, бир, үч, төрт, беш, кор, көр, үй, кар, жыт, ук, уч, рух, жет, кач, ж.б. (окурман өзү бул тизмени уланта бере алат).

Салыштырмалуу, ошол эле түпкү түшүнүктөр орус тилинде, эки-үч муунду болуп турат: не-бо, Лу-на, о-гонь, во-да, го-ры, зем-ля, ка-мень, лошадь, ко-ро-ва, ба-ран, тра-ва, ру-ка, гла-за, го-ло-ва, зу-бы, ли-цо, на-род, зи-ма, вес-на, ле-то, во-ло-сы, мя-со, мо-ло-ко, со-ба-ка, са-дись, и-ди ж.б.

Турмуш өнүккөнгө жараша кыргыз тилинде эки муундуу сөздөр пайда болгон: ба-ла, э-не, ку-лун, му-зоо, у-лак, ко-зу, эч-ки, ө-гүз, ай-гыр, кунан, ча-лап, бо-зо, боз-үй, ке-ре-ге, кер-ки, бы-чак, түн-дүк ж.б.

Тил канча байыркы болсо, ошончо бир эле сөз көп мааниге ээ болгон (3-5-7-10 ар бөлөк түшүнүктү камтыган).

Төмөнкү сөздөрдүн канча мааниси болгонун окурман сөздүктөн өзү деле карап, ынанса болот (кыргызча-орусча сөздүк, Юдахин К.К. Москва, 1965ж.).

Аз, ай, айт, ак, ал, ар, ас, ат, ач, аш, бас, бат, баш, бел, бер, бет, бой, бол, бош, бул, бут, бүт, жай, жак, жал, жан, жар, жат, жаш, жең, жет, жок, жол, жон, жөн, жут, жый, жыл, ий, ич, как, кам, кем, кан, кап, кар, кас, кат, каш, кел, кеп, кер, кеч, кир, кой, кал, кор, көр, кош, көк, көз, куу, күн, кый, кыл, ой, от, өт, мал ж.б.

Кыргыз тили «аглютин» топ тилдерине кирет: сөздүн өзөгүнө тыбыштар кошулса, ар түрдүү жаңы мааниде сөздөр жарала берет (ар, ариет, аруу, ардак, баш, башчы, башат, башкарма ж.б.).

Бул өзгөчөлүк эмнени далилдейт?

Адамдын тыбыш чыгарган мүмкүнчүлүгү кеңейген сайын, мурда жаралган кыска, бир муунду сөздөргө жаңы үн кошуп, улап (тыбыш чаптап) жаңы мааниде сөздөрдү жарата берген (мисалы, жер, жердеш, жерге, жергиликтүү, жертөлө ж.б.).

«Языки мира. Тюркские языки; Москва, 1996 год, Российская Академия наук, Институт Языкознания» чыгарган илимий эмгекте минтип жазылат:

«Согласно известной гипотезе В.М.Иллич-Свитыча, Алтайские языки вместе с уральской, дравидийской, индоевропейской, семито-хамитской и картвельской языковыми семьями объединяются на основе генетического родства в единию ностратическую макросемью» .

«Согласно представлениям В.М.Иллич-Свитыча, алтайская общность распалась значительно раньше остальных пяти языковых общностей, входящих в ностратическую макросемью» .

Демек, Алтай топ тили калган тилдер тобуна салыштырмалуу эң мурун бөлүнгөнү айтылат. Ал кандай шартка байланышы мүмкүн? Албетте, Алтай элдери эң мурун пайда болуп өнүгүп, кубаттуу болуп, саны өсүп, көбөйүп, бөлөк аймактарды өздөштүрүү максатында жер которуштуруп, улам жайылып, тарап кетүүгө аргасыз болгон.

Кыргыз тили эң байыркы тил болгондун дагы бир талашсыз белгиси – ал «энелик» (матриархат) жана «аталык» (патриархат) доорлорунан кыйла мурун түптөлгөн (кыргыз тилинде эркек-аял же «женский» жана «мужской» род деген белгилер жок).

Эне тилибиздин байыркылыгынын дагы бир далили – анын ийкемдүүлүгү (кийин жаралган тилдерде сөздөрдүн орду, сүйлөм түзүлүшү катуу эрежелерге баш ийип, бузулбайт).

Кыргыз тилинин дагы бир улуу касиети - анын көркөмдүүлүгү, элес жаратуучулугу. Бу дагы эң байыркы, «эркин» тилдерге мүнөздүү сапат (чекчейген, тостойгон, бапылдаган, үңкүйгөн, бүжүрөгөн, итирейген, даңкайган, чүкчүйгөн, мостойгон, ырым-жырым, ылжың-мылжың, эптеп-септеп, күбүр-шыбыр ж.б.).

Кыргыз тилинин ушул сапаттары дүйнөдө теңдешсиз Манас дастанын жаратканга өбөлгө болду.

01 Октябрь 2023 в 10:52