Чынгызхан да, Тамерлан да кыргыз болгон

(Улуу тарыхыбызды унутуп, ыйык дөөлөтүбүздү баалабаган үчүн туюкка такалып олтурабыз). Тарыхтын тереңинен маалыматтарды ырааты менен келтирейин.

БИРИНЧИ. Рашид-ад Дин 1430-ж. “Тарых жыйнагы” деген эмгек жараткан. Москва шаарында 2012-ж. ЭКСМО басмаканадан чыккан “Чингисхан. Сокровенное сказание.” деп аталган китепте “Тарых жыйнагынан” көлөмдүү үзүндүлөр келтирилген. Китептин 163-бетинде Чынгысхан кытай элчилерин кабыл алууда-деген сүрөт берилген. Бул сүрөттө Чынгыз хан Ак-калпак кийип турат ( 1-сүрөт, 53-бет.).

ЭКИНЧИ. 1540-ж. Самарканд шаарында Масуд ибн Соманий Кухистан жазган “Абылкайыр – каан тарыхы”, жана Гарольд Лэмб "Тамерлан. Повелитель и полководец” Москва. Центрполиграф. 2014 г., “Джами ат-таварихи"., деген китептерден түстүү сүрөттөр келтирилген ( 2-3-4 сүрөттөр, 54, 55 жана 56-беттер.).

ҮЧҮНЧҮ. Абуль-Гази-Багадур хан 1630-1660-жылдары жазган "Түрк элдеринин санжырасы" деген эмгегинде (1726-ж. француз, 1770-ж. орус, 1780-ж. немис тилдеринде которулган) 45,46,94-беттеринде минтип жазат: "Түмөн хандын тогуз баласы болгон. Тун уулу Жаксу (Ноотакын), эң кенжеси – Жантай, ортосунда эгиздер Кабул, Кажул, Кабулдан – Бартан-баатыр, Кажулдан – Иримчи Барлас, Аксак Темир (Тамерлан) барлас уруусунан. Бартан-баатырдан Есугей, андан – Темирчын (Чынгызхан)". Кыргыздын эмчи-домчулары эмдегенде бүгүн дагы "бул менин колум эмес, түпкү атабыз Түмөн-хандын колу" – дешет.

ТӨРТҮНЧҮ. Француз тарыхчы Д`Оссон К. “ Чынгыз-хандан Тамерланга чейин” деген эмгегинде (Алматы, Санат, 1996-ж.) минтип жазат – 42,216-беттеринде : "Түмөн хандын аялы, Кабулдун аялы, Есугейдин аялы – Чынгыз-хандын энеси, Чынгыз-хандын аялы, Чынгыз-хандын көзү өткөндө такка олтурган уулу Удегейдин аялы – баары кыргыздын кыздары болгон" - деп.

БЕШИНЧИ. С.М.Абрамзон "Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер" деген китебинде (Бишкек ш. 1999-ж.) минтип жазат (633,634,671-беттери) "Түмөн-хандын Тун уулу Жаксу, андан Ак-Мангыт, андан Кутлук-кыя, андан – Эдигей".

"Жумгал, Суусамыр, Ак-Талаада жашаган чекир саяктар түпкү ата-бабаларынын бирин Эдигенин ысмы менен байланыштырат"- деп.

Чекир-саяктар кыргыз эмес деп ким айталат?

АЛТЫНЧЫ. Чынгыз-хан балдарына койгон аттар: Жоочу (жоону алган уул болсун), Жаадай (жебедей алыстан алган), Өгөөдөй (катуу, кайраттуу, жешилбеген, өгөөдөй бекем), Туу уул (туу көтөргон уул болсун).

900 - жыл ичинде бурмаланып Жучи, Чагатай, Угедей, Тулуй деп жазылып, бизге жетип олтурат (Николай падышаны кыргыз Мекелей деп айткандай).

ЖЕТИНЧИ. Жоочу дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткенде суук кабарды Чынгыз-ханга эң жакын, эң сыйлаган адамы угузат эмеспи (кыргыздын салты боюнча).

Бука деген аскер башчысы, кыргыз, комуздун күүсү менен угузат. Кыргыздан башка бир дагы элде комуз аспабы жок!

Күүнү коштоп минтип айтат: “Алтын боолуу Ак-Шумкар алтын боосун үзүптүр, Айга карай сызыптыр.

Күмүш боолуу Көк-Шумкар күмүш боосун үзүптүр, Күнгө карай сызыптыр” – деп. Бул сөздөр кыргыздыкыбы же монголдукубу?

“Кет Бука” комуз күүсү бүгүн да элибизде чертилип жүрбөйбү!!!

СЕГИЗИНЧИ. 1979-ж. Казань шаарында жарык көргөн “Жалованные акты Джучиева улуса XIV-XVII в.в. ”деген китепте тарыхчы Усманов Миркасым тарыхый булактардан үзүндүлөрдү келтирет – 80-82-беттер “Түтүн салыгын буйрук кылдым” деген жарлыгын окуп абдан таңгалдым. Накта, талашсыз, кып-кыргыз тилинде Жоочу жарлык чыгарып турбайбы!!!

ТОГУЗУНЧУ. Капитан Андреев И.Г. 1785-ж. “Описание Средней Орды киргиз-кайсаков” деген китебинде минтип жазат: “В старинной татарской истории нашел я, Чынгыз-хан... взяв с собой трех человек, ушел в Черную гору (Кара-Тоо) к киргизам, наказав своей матери, ежели будут его искать, чтобы там искали...”- деп, 25-бет.

Эмне үчүн баш калкалап, 11 жаштагы Чынгыз-хан кыргыздарга качкан??? Анткени, ал өз тегин жакшы билген!!! Чынгыз-хан деп кийин аталган, бала кезинде аты Темирчын (темирдей чыӊ, катуу, курч болсун - деп) болгон.

Чынтемир, Темирчын, кыргыздын ысымдары болуп жатпайбы!!!

ОНУНЧУ. Россиянын тарыхчылары Рачневский, Кычанов Е.И. “Алан-Гоа трех своих младших сыновей родила от кыргыза” – деп жазып чыгышкан.

ОН БИРИНЧИ. Чынгыз-хан дүйнөдөн өткөндөн кийин (1227-ж.) хан болуп уулу Угедей шайланат. Ал дүйнөдон 1241-ж. өткөндөн кийин так талаш башталат. Жучинин уулу Батый менен Угедейдин уулу Гуюктун ортосунда нааразычылык күчөйт. 1248-ж. дүйнөдөн өтөт. 1251-ж. Ысык-Көлдө өткөн курултайда кан болуп Тулуйдун туӊ уулу Муӊке шайланат. 1252-жыдан кийин Монгол империясы ыдырай баштайт.

Батыйдын небереси Мөӊгу - Темирдин демилгеси менен 1269-ж. Таласта Курултай өтөт. ”По инициативе Менгу-Темира был созван в 1269 г. Курултай, который состоялся в Таласе. На Курултае был установлен мир между улусами Джучи, Угедея и Чагатая и уточнены границы каждого из них...”. Р.Рахманалиев, “Империя тюрков”, Москва, 2015 г., 345-бет.

Эмне үчүн курултай Таласта өткөн? Бир-бири менен согуша баштаган Чынгыз-хандын урпактары Манас бабабыздын арбагы жаткан жерде башыбызды кошуп, ынтымакка келбесек, бөлөк жерде ынтымакка келе албайбыз – деп, Таласта баары башын кошуп, кайрадан биригишкен.

ОН ЭКИНЧИ. Тамерландын кан сарайында көп жыл жашаган Испаниянын элчиси Руи Гонсалес де Клавихо минтип эскерет: “Тамерландын кан сарайында кышында бозо, жайында кымыс, ал эми сый тамактын эң баалуусу “задняя часть лошади” – деп.

Уча, бозо, кымыс – кыргызга гана таандык, ал эми өзгөчө – Уча менен бозо!!!

“Кажулдун урпактары аскер башчы, Кабулдун тукуму – хан болсун” – деген эки эгиз бир туугандардын чечими чегилген күмүш буюм казнада сакталып турганын Темир (Тамерлан) жакшы билип өмүр бою аскер башчы болуп өткөн”.

Гарольд Лэмб.“Тамерлан. Повелитель и полководец”. Москва. Центр полиграф. 2014-ж. 24-бет. “Государь (Тамерлан) сидел скрестив ноги... Он был одет в шелковое облачение и высокую белую шапку”. Ак калпак кийгенин баса белгилеп айткан ошол заманда Испания мамлекетинин элчиси Руи де Гонсалес Клавихо.

Гарольд Лэмб. “Тамерлан. Повелитель и полководец”. Москва. Центр полиграф.2014-ж. 321-бет.

Он эки топко кирген кыска, бир сүйлөм маалыматтар жөн эле кокустук, кыргызга тиешеси жок – деп акыл-эсин жоготкон, келесоо гана айтпаса, соо адам же ойлонуп калат, же ишенет. “Чынгызхан, мейли, кыргыз болсун. Бирок, андан биз эмне пайда көрөбүз? Бул маселени эмне эле талаша бересиңер? ” – деген пикирлер да айтылып жүрөт. Үстүртө караганда ошондой. Бирок терең ойлонгондо бул маселенин мааниси зор.

Кыргызга таандык адилет, калыс, чынчыл, кайрат, эр жүрөк, жөнөкөй, даанышман, келечекти көрө билген сапаттар болбосо Чынгыз хан чыгыштан – Тынч деңиз, батыштан – Кара денизге чейин түркүн эл, далай өлкөлөрдү бириктирип, алардын ынтымак, биримдикте жакшы жашоосун камсыз кыла алат беле?

Чынгыз хандын далай ийгиликтери, улуу сапаттары бизге үлгү болсо жаманбы? Кыргыздын улуу тарыхы дүйнө элдери жакшы билет экен.

“Өткөнүн билбеген – келечекке жол таппайт” – деп бабаларыбыз айткандай, союз урагандан кийин чейрек кылым кыргыз өнүгүү жолун таба албай, ар тарапка чайпалып, чайкалып, урунуп, азаптан арылбай жүрөт.

Швейцария, Түркия, Малайзиядай болобуз – деп, акылы тайкы саясатчылар элди алдап келди. Кыргыз эгерим орус, немис, кытай, араб боло албайт! Өз тарыхын билбеген үчүн кыргыз кыргыз болгусу келбей жатат. Эгерде улуу тарыхын билсе кыргыз бир дагы элге окшош болгусу келбей, кыргыз эле болгусу келет эле.

Ар ким эле тарыхчы боло албайт. Илим – ийне менен кудук казгандай болсо тарыхыбызды издеп, табуу ийне менен аска тешкендей эле кыйын, азаптуу жана татаал иш.

Биз өз тарыхыбызды билбесек (чала сабаттуу тарыхчылардын кесепетинен), дүйнө элдери кыргыздын улуу тарыхын жакшы билет экен.

Эки эле далил келтирейин.

БИРИНЧИ. Кырк жыл курулуп бүткөн Дели шаарында ступанын (эстелик, зыярат кылчу мазар-күмбөз: бийиктиги – 70, эни – 120 метр) расмий ачылышына Далай-ламанын чакыруусу менен 2007-ж. барып катыштым.

Дүйнө жүзүнөн 1500 мейман келиптир. Алардын арасынан 150 адамды тандап, Далай-лама менен жолукканга алып барышты.

Далай лама кирип келгенде эле алдыӊкы катарда олтурган Кытай, Жапондон келген жыйырма чакты будда монахтары чөк түшүп, жөргөлөп барып, бут кийимин өбүшүп, кайра жөргөлөп артка келип олтурушту. Далай-лама элге жакын басып келип, “Ой, ыйык Будданын түз урпагы келген тура” – деп мени чакырып, колтукташып, манжалашып сүрөткө түштү.

Мени биринчи көрсө кайдан таанымак эле! Же эч бир кызматта болбосом! Бирок Ак-калпак, тик жака күрмө, оюм салган шымдан кыргыз, Будданын түз урпагы деп, мага сый-урмат мамиле кылганына ошол жыйында олтурган 150 адам таңгалышты!!!

Мына улуу Бабаларыбыздын баркы жана даӊкы!!!

ЭКИНЧИ. 2006-жылы Мамлекеттик катчы катары Сауд араб мамлекетинде өткөн ОИК уюмунун (Ислам өлкөлөрүнүн) жыйынына катышып калдым.

56 өлкөдөн 21 падыша, 22 президент, калганы премьер-министрлер келиптир. Жыйын бүткөн күнү Каабаны ачып, катышуучуларга сый көрсөтүп, ичине киргизмек болду.

Ичи тар болгон үчүн, биринчи 12 падыша кирди, калганы күтүп калды. Мен падыша, президент же премьер-министр болбосом, эң аягында кирем го - деп, обочорок турдум.

Бир убакытта ишти тейлеген топтун жетекчиси басып келип, менин чыканагыма колун тийгизип, “сиз кириңиз” деген белги берди.

12 падышанын арасына кошулуп Каабага биринчи топ менен кошокирдим. 9 падыша, 22 президент, 12 премьер -министр карап, таӊгалып калышты.

Падышалар, президенттер, премьер-министрлердин катарында мамкатчы кызмат деп деле эсептелбейт.

Же мен "баланчаев түкүнчө" деп ал жерде бир да адам тааныбаса!

Анда эмне себептен мени падышалар тобуна кошуп, Каабанын ичине биринчи киргизди?

Ак-калпак, тик жака күрмө, кемер курдан мени “Кыргыз” деп таанып, сый-урмат көрсөтүштү!! Сауд Аравия беш кылым Осмон кандыгынын курамында болуп, кыргызды жакшы таанып калган экен!

Мына тарыхчы сөрөйлөр билбеген, Ата-бабаларыбыздын улуулугу, даңкы жана баркы! Мурад Аджы: “Кыргыз – түрк элдеринин падышалар тукуму” (“Азиатская Европа”. Москва, Астрель 2011-ж.1106-бет)

Мурад Аджы өзүнүн “Азиатская Европа” – деген китебинде (Москва. Астрель. 2011-ж.) 1106-бетинде “Царская династия тюрков - Кыргызы” деп жазган. Себеби, кыргыздар аруу, намысты өлүмдөн өйдө койгон, жоокер, ыймандуу, көсөм, көрөгөч, олуя сымал, даанышман эл болгон. Далай кылым бир нече элдерди башкарып, падышалык кылган. (5-6-7- 8-9 сүрөттөр 61, 62, 63, 64 жана 65-беттер). Бул сүрөттөр XII-XV кылымдарда жазылган тарых китептерден алынды. Китептердин өзү Тегеран, Каир, Стамбул, Нью-Йорк шаарларында.

Ошол үчүн : Кыргыз эшек минген эмес, курт-кумурска, бака-жылан, атүгүл балык, ыплас чочко жеген эмес. Эч бир шартта баш кийимин алып, төбөсүн эч кимге көрсөткөн эмес, эңкейип, бүгүлүп эч кимге ийилип, кулдук урган эмес. Көп сүйлөбөй, кыска, нуска сүйлөгөн. Жылаңач денесин эч кимге көрсөткөн эмес. (Чоң атам 80 жашында ооруп калып, келген доктур өпкөсүн тыңшайм десе, денесин көрсөтпөйм деп болбой койгон).

Кыргыз асыл тамак менен гана азыктанган: сары май, каймак, сүт, кымыз, айран, казы, карта, чучук, бозо, курут, май талкан ж.б..

Падышалардын урпактары соодагер болгонду намыс көргөн, бийлегенди да маскаропоз деп жактырбаган.

Кыргызга өлүм жазасын эч ким чыгара алган эмес, жалаң гана эл андай өкүм чыгарып, эл өзү өкүмүн аткарган (анткени падышалардын тукумуна эч ким кол сала алган эмес).

12Чынгызхан кытай элчилерин кабыл алууда. Рашид-ад Дин “Тарых жыйнагы”,14 13Чынгызхан уулдарын Сыр-Дарыянын жээгинде кабыл алууда. Масуд ибн Соманий Кухистан“Абылкайыр -кан -та 14Темирландын Балхты алуу учуру, 1370-ж. (Сүрөттө көпчүлүк Ак ка 15Абулхайр кандын такка отуруусу. (1428-1468-жж. башкарган) 16Абага кандын такка отуруусу (Иран) 1265-1282-жж. Абага атасы Хулагу менен (Тулуйд 17Газан кан-Персиянын жетинчи элканы (ильхан). Уржанда жергиликтүү төбөлдөргө сый тамак берүү учуру. Абага кандын небереси, атасы Аргун, абага хандын туӊ уулу. Газан кан 1295ж.-1304-ж. чейин бийлик жүргүзгөн. 18Газан кан ислам динин кабыл алуу учуру “Джами ат таварих” Рашид-ад Дин, XVI кылым. 19Улукбек, Темирландын небереси, Шахрухтун баласы (1409-1449- жж. бийликте отурган) Сүрөттө үч генерал, эки мүнүшкер – ак калпакчан, өзү бакай калпак менен. Сүрөт 1425-ж. тартылган. 20Осмон Гази. Осмон империясынын биринчи падышасы 1201-1299-жж. Оӊ жагында үч аскер башчылары ак-калпакчан, сүрөттүн эӊ бурчунда эки адам ак калпакчан.

29 Ноябрь 2023 в 12:08