«ЭР СОЛТОНОЙ — КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК БААТЫРЫ»

05 Май 2025 в 18:00

Эр Солтоной

Бишкек, 2025 ж.

«Эр Солтоной ким болгон, баатырларга Пир болгон!» (Элден)

Маалымат (кыскача)

Кыргыз дөөлөтүнө, канын жанын аябай салым кошкон тарыхий инсандарыбыздын бири — Эр Солтоной — Кыргыз элинин улуттук баатыры!

Эр Солтоной Байсейит уулу (1640–1733) Талас өрөөнүнүн башындагы Чоң-Кошой деген жерде төрөлүп, 1733 жылы кеч күздө, Бала Айылчынын санжырасы боюнча, Чүйдөгү Сокулук суусунун боюнда тендешсиз чабышта курман болот. Кээ бир булактар боюнча кайып болгон деп айтылат (бүгүнкү күнгө чейин күмбөзү барбы жокпу белгисиз, сөөгү кайсы жерге коюлганы толугу менен аныктала элек).

«Эр Солтоной ким болгон, баатырларга пир болгон, жетигенден тараган эки буттуу пил болгон» — деген сап кылымдан кылымга эл арасында сакталып келет.

Башка баатырларга колдонулбаган «Жабыр баян» деген атак берилгендиги, чебер кол башчылыгы, жеке эрөөлдө бир жолу да жеңилбегендиги, кара башын сайып күрөшкөн мекенчилдиги, жомок, ыр, күү (комузу дайыма жанында болгон, «Чабдар аттуу Солтоной, салтанаттуу Солтоной» атыгып калган), манасчылдыгы, жамакчылдыгы менен жоокерлерди өзүнө тартып, алардын мекенчил сезимдерин ойготкон, шерденткен, журт уюткан кол башчылыгы, аскер көсөмдүгү көп булактарда белгиленет.

«Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» — деген принципти кармангандыгы, калыстыгы, элдин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгондугу (өз балдарын кепилдикке берген, биринчи жолу Дербиш, андан кийин Итаяк ак үйлүү болгон), азыркы Кыргыз, Казак, Өзбек талааларында жоо менен аёосуз кармашып жүргөндүгү оозеки, жазма булактарда кенен айтылып келет.

Анын өлүмү, согуш талаасында курман болгондугу, кыргыздын биригүүсүнө негиз болуп берди, арбагы себепкер болду деген ой айрым чыгармаларда кездешет.


Аскердик ишмердүүлүгү

Эр Солтоной өз алдынча жортуулдарды уюштуруп, калмак аскерлеринин келишпес душманына айланган, 5000 жоокер топтоп кол башчылык кылган.

Душмандар менен салгылашуулар болгон жерлер:

  • Кыргызстан: Талас, Чүй, Кемин, Токтогул, Нарын, Ыссык-Көл
  • Өзбекстан: Андижан, Фергана, Наманган, Ташкент
  • Казакстан: Алматы, Мерке, Луговой, Каракыштак, Сайран

Устаттык жана окутуучулук кызматы

Эр Солтоной кол башчылыктан тышкары устат, окутуучулук менен да алектенип, ошондо уюшулган аскердик окуу жайды жетектеген. Анын окуусунан аскердик таалим алган баатырлар катары:

Бердике берен, Атаке баатыр, Итим бий, Садыр баатыр, Момокон баатыр, Жайыл баатыр жана башка шакирттери эскерилет. «Солтонойлоп» ураан чакырылган. Эр Солтоной алдын ала көрө, сезе билген.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун пикири

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Эр Солтоной тууралуу өзүнүн жылуу пикирин 2008 жылы 31 январь айында К.Качибековдун «Эр Солтоной баяны» китебинде калтырган:

«...ылайым Эр Солтонойдой бабалардын ыйык рухтары кыргыз элин колдоп жүрүшсүн».

К.Качибеков «Эр Солтоной баяны» китебинде:

«Солтоной бүтүн кыргызга, ал тургай канатташ казак менен өнөктөш өзбекке кадыры өткөн баатыр эмес беле».

Эстелик жана таанылуусу

2000-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарында Эр Солтонойдун бюсту коюлган.

Азыркы учурда илимий изилдөөлөр уланууда. Чүйлүк карыялардын айтымында:

«Солтонойдун кабыры Сокулук суусу менен Аксуунун ортосундагы жайыкта, Сокулук суусу канга боёлгон» — деген сөз бар.

Айрым тарыхий маалыматтар

  1. Атасы Байсейит — уюштургуч, каардуу адам болгон, түшүнө карап иш кылган, аян алып турган.
  2. Энеси Токон апа — өтө күчтүү балбан экендигин, текенин терисин ийлеп олтурганда экиге бөлүп айрыган, Байсейит калмак кызына үйлөнөм дегенде.
  3. Эр Солтонойдон: Итаяк, Дербиш, Былчыке, Шуруке — алардын урпактары Талас облусунда, Чүй өрөөнүндө жашашат.
  4. Эр Солтонойдун турпаты — сүрөттөмөсү, антка бекемдиги, кол башчылыгы, көсөмдүгү, эл кыдыргандыгы Б.Исаковдун китебинен жана башка булактардан кездештирсе болот.
  5. Эр Солтоной урааны чакырылып турган.
  6. «Солтон» — мааниси: ишенимдүү таяныч, тирек, коргоочу дегенди билдирет. Солтонойдун балдарына да ат ырымдап берилген.
  7. Дөңкөнөй — калмак баатыры, Эр Солтонойдун элдешпес душманы, жеке эрөөлдөргө чыккан. Солтоной бир да жолу жеңилген эмес (Манастагы Коңурбайдай).
  8. Жетилең апа — Эр Солтонойдун аялы, анын кошогу сакталып калган.
  9. Салтанаттуу Солтоной деген атка конгон: жаш кезинен тартып, ыр, күү, жамакчы, манасчыл болгон, комузун жортуулдарга алып жүргөн, жоокерлерге дух берген.
  10. Шабек баатыр, Баяке мерген — бир тууган инилери. Майтык, Туума, Итим, Садыр, Бердике, Атаке, Нышаа, Тарамыш, Дорбобаш, Койкоң Назар, саяк Качыке, Бекболот, Жайыл, Момокон — замандаштары, шакирттери.
  11. Чабдар ат — эстүү жаныбар. Аттын мыкты элеси, чыгармаларда жакшы чагылдырылган (Манасттын Аккуласындай). Калмактар атын жарадар кылып, анан Эр Солтонойго кол салган.
  12. Албарс кылыч — оң-сол кол менен шилтегенге ылайыкталган. Эр Солтоной эки колу менен бирдей согушкан.
  13. Эр Солтоной айла амал менен өлтүрүлгөн: кылычы уурдалган, атын жарадар кылган, атайын буктурма уюштурулган.
  14. Душмандары Эр Солтонойго «Жабыр баян, же Баян жабыр» деген ат койгон (өтө күчтүү жырткыч жаныбар, жырткычтырдын жырткычы дегенди билдирет, Бектур Исаков).
Манасчы Дөөлөт Сыдыков: «Жабыр — арстандардын пири».
Алыкул Осмонов («Тандалган чыгармалар», том 1, 2014 ж., 486 бет): «Баян жабыр бардык жырткычтырдын баатыры. Бул кабыландан чыгат. Мындан өткөн эч бир шер жок. Бул пайда болгондо жолборс, арстан, каракулак шер, илбирстер баш көтөрбөйт».

Колдонулган адабияттар

Басылып чыккан китептер

Эр Солтоной. С.Абдырахманов. Фрунзе, 1959 ж.

Эр Солтоной баяны. К.Качибеков. Бишкек, 2008 ж.

Эр Солтоной — кыргыздын улуттук баатыры. Б.Исаков. Бишкек, 2012 ж.

Эр Солтоной — кыргыздын улуттук баатыры. Б.Исаков. Бишкек, 2011 ж.

  1. Эр Солтоной. Автор С.Абдырахманов. Фрунзе, 1959 ж.
  2. История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней). Автор О.Дж.Осмонов. Бишкек, 2005 ж. (Одно упоминание.)
  3. Кышында чардаган бакалар же кызылгүл баяны (Махабат дастандары). Автор А.Стамов. Бишкек, 2001 ж. (Одно упоминание.)
  4. Эр Солтоной баяны: Тарыхий көркөм баян. Автор К.Качибеков. Бишкек, 2008 ж.
  5. Эр Солтоной — кыргыздын улуттук баатыры: Тарыхый таржымал. Автор Б.Исаков. Бишкек, 2012 ж.
  6. Эр Солтоной: Эпос: Өспүрүмдөр үчүн. Автор Абдырахманов. Фрунзе, 1959 ж.
  7. Кыргыз элинин баатырдык кенже эпостору. Автор Ж.Суванбеков. Фрунзе, 1970 ж.
  8. Эр Солтоной, Жаманкара баатыр. А.Акматалиевдин ред. астында. КРУИА. Бишкек, 2016 ж.
  9. Кыргыз адабиятынын антологиясы: 10 томдук жыйнак. 2.т: Кенже эпостор. Бишкек, 2012 ж.
  10. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Фрунзе, 1973 ж.
  11. Хусеин наама: Баштан өткөндөр. Автор Х.Карасаев. Бишкек, 2001 ж.
  12. Кыргызстан Улуттук Энциклопедия 7. ТОБОЛ–Я. Бишкек, 2015 ж. Башкы редактору Асанов Ү.А.
  13. «Эр Солтоной — кыргыз элинин улуттук баатыры» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары. 4-октябрь 2024 жыл, Талас шаары.
  14. Бийлибаев К.Ш., белгилүү тарыхчы, журналист. Эр Солтоной тууралуу видеобаян. Октябрь 2024 жыл.

Учурдагы тарыхчылардын айтымынан үзүндүлөр

Өскөн Жусупбекович Осмонов

Өскөн Жусупбекович Осмонов

Тарых илимдеринин доктору, профессор. КР Тарыхчылар ассоциясынын президенти.
МАРВА телеканалы, «Мугалим сааты», 13-ноябрь 2024 жыл, ЮТУБда.

«...16 кылымда Тагай бий, Мухаммед кыргыз. Андан кийин кыргыздардын калмактар менен күрөш доору башталат 17–18 кылымдын ортосуна чейин, бир жарым кылымга жакын кыргыз эли, казак эли, өзбектер биригип, 1635 жылы Жунгар хандыгы түзүлдү, ошолордун баскынчылык саясатына каршы күрөш башталат... Андан кийинки мезгилде кыргыз элин калмак баскынчыларынан бошотууда Бердике баатырдын эрдиктери, Атаке баатырдын эрдиктери, Эр Солтонойдун эрдиктери — мына ушул доордо бир топ адамдардын аттары аталып калды, тарыхка кирди.»
Бийлибаев Кайнарбек Шеримкулович

Бийлибаев Кайнарбек Шеримкулович

1952 г.р., тарых илимдеринин кандидаты, комузчу, журналист, коомдук ишмер.
Таластагы 04.12.24ж. илимий-практикалык конференцияга жиберген видео форматтагы сөзүнөн алынды.

«...Чүй жерине Жунгар хандыгынын жортуулдары 1722-жылдан башталып, Эр Солтонойдун жасаган эрдиктери абдан көп. А дегенде бул өзүнүн шакирттерин, 17 кылымынын башында эле Кыргыз элине келээри жөнүндө кабардар болуп, ушулардын баарын үйрөткөн. Ошолордун ичинде Бердике баатыр, Атаке баатыр, Шаабек баатыр, ал тургай казактардын Абыл Мансур Солтонойдун колунда окуп үйрөнүшкөн... Жунгар хандыгы кол сала баштаганда Чүй өрөөнүндөгү беш миң адамдын колун бириктирип, калмактарга каршылык көрсөтүп турган. ...Эр Солтонойдон үлгү алган баатырлар Жунгар хандыгын кыргыз жеринен биротоло сүрүп, 1758-жылы Жунгар хандыгы өзүнүн жашоосун токтоткон.»

Жубайы Жетилеңдин кошкону

Солкулдай бербей чыгданга,
Сокулукка барайын.
Эки жээгин кыдырып,
Эч болбосо баатырдын,
Сөөгүн көрүп калайын.
Аккан сууда жок болсо,
Акыреттен табамын.

«Акыреттен табамын» — деп жазат. Эми бул жерде, ушул кошокто, Эр Солтонойдун кандайча курман болгондугу айтылат. 93кө барганда калмактын колунан курман болуп, кийин сөөгү кошокто айтылгандай, таба албай калганы бар.


«Эр Солтоной» тобу тууралуу иш-аракеттер

Эркинбаев С.О.

2023-жылы «Эр Солтоной» тобу түзүлдү

Жетекчиси: Эркинбаев С.О.

Атайын иш-чаралар иштелип чыкты. Куран окутулду. Бийлик түзүмдөрүнө каттар жиберилди: КР президентине 4 жолу; Маданият Министрлигине 2 жолу; Илимдер Академиясына, Тарыхчылар ассоциациясына, Талас губернаторуна, Бишкек мэрине, Кемин акимине, УКМКнын төрагасына, Чек ара кызматына, Чүй губернаторуна, Илим жана Билим министрлигине, Талас мэрине, Чон-Алыш, Шумкар-Уя айыл аймагына, Сосновка а/ө жана башкаларга.

Макет, Сүрөттөмө, Төш белги, Логотип даярдалды. Туусу көтөрүлдү. Эл аралык илимий конференциялар өткөрүлдү (04.10.24 ж., 28.11.25 ж.). Берүүлөр, интервьюлер, макалалар даярдалып, жыйындар өткөрүлдү. II, III Элдик Курултайда сунуштар берилди.

КР Министрлер Кабинетинин №236 (02.04.25ж.) Тескемеси чыкты. Ага ылайык КР Талас өкүлчүлүгү иш-чараларды өткөрдү. КТРКдагы Маданият каналында маек болду. Чек ара бөлүгүндө Презентация өткөрүлдү. КР Тарыхчылар ассоциациясынан, КР ИА Тарых институтунан эксперттик Корутунду алынды. Жаштар форуму өткөрүлдү. Музей, Эстелик, мемориалдык комплекс салуу боюнча аракеттер жүрүп жатат.

02.11.23ж. Бишкек шаарында, Эр Солтонойго, анын шакирттерине (Бердике берен, Атаке баатыр, Итим бий, Садыр баатыр, Момокон баатыр, Жайыл баатыр, Темир жана Болот баатыр ж.б.) куран окутулду.

04.10.24ж. Талас шаарында, «Ансар» ресторанында Эр Солтонойго жана анын шакирттерине жылкы союлуп, куран окутулду.


Каттар, жооптор, маектер (2024–2025 жж.)

2023–2024 жылдарда жыйындарда маселе көтөрүлүп, 1546 адам кол койгон Кайрылуу Кыргыз Республикасынын президентине жеткирилип, КР Маданият министрлигинен «юбилейлик иш-чараларынын тизмесининин долбооруна киргизилген» деген жооп алынды (M-35, 23.01.24; 16.01.24 №K-362).

Биздин Өтүнүчкө ылайык, Өкмөт «XVII кылымдын баатыры Эр Солтоной Байсейит уулунун туулган күнүнүн 355 жылдыгын» өткөрүү чечимин кабыл алды (Тескеме №236-т 02.04.25ж., 482-т 16.06.25ж.).

«КР Президентинин Администрациясынын 22.01.25ж. №24-1037 тапшырмасына ылайык, ...кыргыз элинин тарыхында опол тоодой орду бар, ысымы өчпөс эл уулдарынын бири, тарыхий инсан Эр Солтоной баатырдын юбилейлик мааракесин өткөрүү жөнүндө кайрылууну карап чыгып, аталган маараке 2025-жылга КР жалпы улуттук жана республикалык маанидеги юбилейлик иш-чараларынын тизмегинин долбооруна киргизилгендигин билдирет» — Маданият министрлиги, 22.01.25ж. жана 07.02.25ж.

Тарыхчылар менен маектер, жолугушуулар (февраль–май 2025 жыл)

2025-жылдын февраль–май айларында Кыргыз тарыхчылар ассоциясынын, Тарых институтунун, университеттердин окумуштуулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Эксперттик корутундулар алынды.


Эстеликтин Макети даярдалды

Эр Солтонойго арналган эстеликтин (мемориалдык комплекстин) макети даярдалды. Эстелик проекти мамлекеттик деңгээлде бекитилүү процессинде.


Күмбөз жана мемориалдык комплекс үчүн жер

Турук суусунун боюна күмбөз салууга жер бөлүүгө кат Сосновка айыл өкмөтүнө жиберилди. Жер бөлүнгөн жок. Азыркы учурда Музей, Мемориалдык комплекс, Эстелик үчүн жер алууга аракеттер жүрүп жатат.

Турук суусунун боюна — сунушталган жер

Сосновка айыл өкмөтүнө жиберилген кат

Күмбөздүн макети


«Эр Солтоной ордени» төш белгиси

«Эр Солтоной ордени» иштелип чыккан. 5 адамга берилди:

«Эр Солтоной ордени»

Сарыгулов Дастан Исламович
02.11.2023 ж.

Исаков Бектур
04.10.2024 ж.

Курманбаев Алымбек
02.11.2023 ж.

Жусупова Моймол
04.10.2024 ж.

Эркинбаев Сөөлөтбек
07.12.2024 ж.


Илимий-практикалык конференция (04.10.2024 ж., Талас)

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдыгына карата «Эр Солтоной — кыргыз элинин улуттук баатыры» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 2024 жылдын 4-октябрь күнү Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрында өткөрүлдү.

Уюштургандар: КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас райондук мамлекеттик администрациясы, Талас шаарынын мэриясы, Капар Медетбеков атындагы музыкалык-драма театры, «Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси, Талас мамлекеттик университети.

Конференция чакыруу жана программасы

Конференция материалдарынын жыйынтык китепчеси

Торгаутова Шолпан — QAZAQTANY журналынын редактору, М.Ауезов университети (Казакстан)

Конференцияга КР коомдук жана мамлекеттик ишмерлери, өлкөнүн жети дубанынан келген жарандар, Казак Республикасынын илимий кызматкерлери, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин окумуштуулары катышты. Конференциянын жыйынтыгы менен Резолюция кабыл алынып, «Кыргыз-Туусу» гезитине жарыяланды.


Маектер, интервьюлер, берүүлөр, сүйлөгөндөр, акыл-таймаштар

Конференцияга жана иш-чараларга катышкан тарыхчылар, коомдук ишмерлер, акындар жана окумуштуулардын сөздөрүнөн:

Алимбек Курманбаев
Коомдук ишмер

Таштан Мамбеталиев
«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин төрагасы

Жыргалбек Шаршеменев
ТалМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор

Талант Эдилов
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары

Бектур Исаков
Кыргыз эл мугалими

Дастан Сарыгулов
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, тарых изилдөөчү

Элдар Аттокуров
Коомдук ишмер, акын

Нуркамал Мырзалиева
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент

Толкун Айталиева
Философия илимдеринин кандидаты, доцент

Гулнар Янарбаева
Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин доценти

Моймол Жусупова
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент

Каныбек Казыбеков
«Адигине» урусунун башчысы

Назгүл Бейшеева
Бишкек шаарынын тургуну

Бийшенбек Абдразаков
Коомдук ишмер

«Кыргыз-Туусу» гезитинде конференция тууралуу макала жарыяланды

Капар Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрынын актерлору «Эр Солтоной — кыргыздын улуттук баатыры» аттуу пролог аткарды

Конференциянын Резолюциясы кабыл алынып, гезитке жарыяланды


Жыйындарда Эр Солтоной жөнүндө талкуулоо

Кыргызстандын бардык дубандарында жыйындар өткөрүлдү:

Талас — 01.07.23ж.

Талас — 04.10.24ж.

Нарын — 05.08.23ж.

Нарын — 17–18.08.24ж.

Кемин — 26.08.23ж.

Кемин — 13.07.24ж.

Кара-Балта — 07.09.23ж.

Ала-Бука — 8–10.06.24ж.

Бишкек — 09.09.23ж.

Бишкек — 27.04.24ж.

Бишкек — 07.12.24ж.

Кара-Балта — 21.10.25ж.


Эр Солтонойдун Туусу жана Логотиби

Эр Солтонойдун туусу жасалып, 07.12.2024 жылы жалпы жыйында көтөрүлдү. Сүрөттөмөсү даярдалып, логотиби жыйында негизинен кабыл алынды.


Кыргызстандагы Элдик Курултайдын делегаттарынын сунуштары

2023 жылы 15 декабрда, II Элдик Курултайдын Копребазар айылынан делегат Айдаров Чолпонкандын сунушу, 1198 пункттан турган кайрылуулардын негизинде түзүлгөн Өкмөттүн иш чараларынын планына 865 номер менен «Эр Солтоной баатыр жөнүндө тарыхий изилдөөлөрдү уюштуруп, анын эрдигине баа берүү» деп киргизилген. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине аткарганга жиберилген, 2024–2025 жылдары аткарылсын деген мөөнөт менен жыйынтыгы жок.

Айдаров Чолпонкан — II Элдик Курултайдын делегаты

Карыпбаев Базаркул (Панфилов району) — интервью берген

2024 жылдын 20-декабрында, Кыргызстандын III Элдик Курултайдын үч делегаты — Сулайманов Ч.М., Исбасаров Т., Камсаев А. (Талас жана Кемин райондору) — Эр Солтоной тууралуу Президентке кайрылышты.

Сулайманов Чокойбек
Талас району, Каракол айыл аймагы

Исбасаров Теңдик
Талас айылы

Камсаев Акылбек
Кемин району, Кичи-Кемин айыл аймагы


Эр Солтоной Жаштар Форуму (17-май 2025 жыл, Тарых музейи)

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде «Улуттук баатыр Эр Солтоной Жаштар Форуму» өткөрүлдү. Форумга жаштар, тарыхчылар, коомдук ишмерлер, аскер курсанттары катышты. Сыйлоолор, ордендер берилди.


КР Президенти С.Н.Жапаровдун Алай районунда өткөн Алымбек датканын мааракесинде сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү

КР Президент Жапаров
«Кыргыз элинин көөнө тарыхында эгемендик үчүн, эркиндик үчүн, кара башын канжыгага байлап, өмүрүн арнап күрөшкөн нечен деген эр азаматтар, эл башчылар өткөн. Алардын сап башында көкүрөгүбүздө кыттай уюп, каныбызга сиңген Манас атабыз, андан берки кыргыз кагандыгын түптөп түндүгүн көтөргөн кашкөй бабалар, анын ичинде Барсбек каган, берегиде Адигине бий, Мухаммад Кыргыз, Кубат бий, Эр Солтоной, Атаке бий, Ормон хан сыяктуу мүлдө кыргыз элинин биримдиги үчүн, кыргыз дөөлөту үчүн күйүп жанган журт аталарынын ысымдары көктөгү чолпон жылдыздай болуп, бизге жарыгын чачып, дем берип келет.»

Чек ара аскер бөлүгүндө презентация (2025 ж.)

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын жетекчилеринин көрсөтмөсүнө ылайык (01-18/3974, 18.08.25ж.) Талас облусундагы 2029 аскер бөлүгүнүн жетекчилиги жана «Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган презентация өткөрүлдү. Ага тарыхчылар, бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, чек арачылар катышты. Резолюция кабыл алынды.

(Тилекке каршы, ар кандай себептер менен Эр Солтонойдун аты аскер бөлүгүнө берилген жок.)

Талас облусундагы 2029 аскер бөлүгүнүн жанында

Чек ара аскерлери үчүн презентация, 26.08.2025 ж.


КТРКда маек (10-ноябрь 2025 ж.)

2025-жылдын 10-ноябрь айында КТРКнын Маданият каналында Эр Солтонойго арналган маек уюштурулду. Катышкандар: Д.И.Сарыгулов (коомдук жана мамлекеттик ишмер), Б.Абдразаков (КР ЖК мурдагы депутаты), К.Ш.Бийлибаев (тарыхчы), К.Качибеков (жазуучу).

КТРКда маек

Эл аралык илимий конференция (28-ноябрь 2025 ж., Талас)

КР Талас өкүлчүлүгүнүн Өкмөттүн Тескемелерин (№236-т 02.04.25, 482-т 16.06.25ж.) аткаргандыгы тууралуу маалымат. 2025-жылдын 28-ноябрь айында Талас драмтеатрында «Кыргыздын "Уңгужолундагы" эрдиктери менен даңазаланган ата-бабаларыбыз Эр Солтоной, Хан Садыр жана Нузуп бийдин тарыхтагы изи» аттуу Эл аралык илимий-конференция болуп өттү. Резолюция кабыл алынды. Көргөзмө, концерт уюштурулду, видеотасма көрсөтүлдү.

Нарындык тууганыбыз Мамбеталиев Жолдошбек илимий доклад жасады, УТРКга интервью берди. Уюштурган: Талас өкүлчүлүгү, Талас университети. Ордо Кеңештин мүчөлөрү, таластык туугандар катышты.


Облустук «Бабалар баяны» кароо сынагы (27-ноябрь 2025 ж., Талас)

Талас шаарында Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектепте «Бабалар баяны» аттуу Эр Солтонойго арналган облустук мектеп окуучуларынын кароо-сынактын жыйынтыгы өткөрүлдү. Талас өкүлчүлүгү уюштурду.


Ынтымак жыйыны — Вознесеновка (19-декабрь 2025 жыл)

2025-жылдын 19-декабрь айында Жайыл, Панфилов районунун, Карабалта шаарынын тургундары уюштурган Ынтымак жыйынында (Вознесеновка айылы, Панфилов району) улуттук демибизди жоготпой уңгу жолубузга түшүү, тарыхта өз изин калтырган улуу инсандарды эскерүү, ички ынтымакты бекемдөө маселелери талкууланды. Эр Солтонойго, ата-бабаларыбызга куран окутулду. Эр Солтонойго арналган иш-чаралар тууралуу кенен маалымат берилди жана баатыр атабыздын эрдиктери, ишмердүүлүгү камтылган видеотасма көрсөтүлдү.


Жыйындарда талкуулоо — хронология

ЖерДата / Иш-чара
Талас01.07.2023 ж.
Кемин26.08.2023 ж.
Нарын05.08.2023 ж.
Кара-Балта07.09.2023 ж.
Бишкек09.09.2023 ж.
Бишкек27.04.2024 ж.
Ала-Бука08–10.06.2024 ж.
Кемин13.07.2024 ж.
Нарын17–18.08.2024 ж.
Талас04.10.2024 ж. (Эл аралык конференция)
Бишкек07.12.2024 ж. (Туу жана логотип)
Бишкек17.05.2025 ж. (Жаштар форуму, Тарых музейи)
Талас27.11.2025 ж. («Бабалар баяны» кароо сынагы)
Талас28.11.2025 ж. (Эл аралык конференция)
Кара-Балта21.10.2025 ж.
Вознесеновка (Панфилов р-ну)19.12.2025 ж. (Ынтымак жыйыны)

Келечекте

Кыргыз элинин сакталышына татыктуу салымын кошкон Эр Солтоной баатырдын басып өткөн жолу терең тарыхый изилдениши керек. Ага өлкөнүн жетекчилеринен чечкиндүү саясий эрк керек. Ага арналган иштер уланмакчы.

Пландаштырылган иш-чаралар:

  • Илимий маектерди уюштуруу; күмбөз; эстелик; драма жазуу; китеп чыгаруу; ММКда теле-радио берүүлөр; интернет мейкиндигинде иш алып баруу; макала жазуу; такталган сүрөтүн тартуу
  • Мектептерде, жогорку окуу жайларында сабак өтүү
  • Мамлекеттик уюмдар менен чогуу иш алып баруу
  • Архивдик материалдарды топтоо: Ташкент, Алматы, Казань шаарларына баруу
  • КР Улуттук Илимдер академиясынын базасында тарыхый-коомдук конференция өткөрүү
  • Тарых институтуна акчалай каражат бөлүү менен академиялык изилдөө китебин даярдоо жана жарыкка чыгаруу
  • Кемин районунун Орловка шаарына же Жайыл районундагы Сосновка айылына жана Сосновка постуна Эр Солтонойдун атын берүү
  • Талас областынын Талас районунун бир айыл аймагына Эр Солтонойдун атын берүү
  • Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине Эр Солтонойдун атынын берилиши
  • Бишкек шаарында Эр Солтонойдун жана анын шакирттеринин эстелигин орнотуу
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тарыхый драма жазуу, кино тартуу боюнча сынак жарыялоону тапшыруу
  • Талас, Бишкек, Ош шаарларынын жана областтардын бирден мектептерине Эр Солтонойдун аттарын ыйгаруу
  • Эр Солтонойго арналган китептерди (илимий, адабий, окуу куралдары) азыркы талаптарга ылайык кайра басып чыгаруу
  • КР бир аскердик бөлүгүнө Эр Солтонойдун атын ыйгаруу
  • КР Президентинин катышуусунда республикалык деңгээлде юбилейлик иш чаранын жыйынтыгын чыгаруу жана өткөрүү

Жыйынтык

Эр Солтоной бабабыздын, кыргыз элинин эгемендүүлүгү үчүн күрөшүп, намысын коргоп, жанын берип, канын төгүп, атабыздын бизге калтырган мурасы — бул мамлекеттүүлүгүбүзгө ээ болуп, бейпил турмушта, эч кимге көз каранды болбой жашап жатканыбызда!

Андыктан, Эр Солтонойдун улуу арбагын сыйлап, эрдиктерин даңазалап, санат катары айтып, кино тартып, драма жазып, илимий изилдөөлөрдү улантып, комплекстүү иштерди аткарып, кыргыздын намысын колдон чыгарбай, кийинки урпактарга өткөрүп берүү биздин парзыбыз жана милдетибиз!


Түзгөндөр:

«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин төрагасы — Мамбеталиев Т.Н.

«Жетиген-Карек» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору — Орозова Н.С.


«Жетиген-Карек» коомдук бирикмеси
Тел.: +996 777 51 00 45
Эл. почта: mtn_t@mail.ru, jetigencarek.7kg@gmail.com